"Буларга табылбай калды". Ырчы Алмаз Шаадаев кайгуул кызматкерлеринин торуна түшкөн видео тарады

Интернетке ырчы Алмаз Шаадаев кайгуул кызматкерлеринин торуна түшүп калган видео тарады. Атайын даярдалган репортаждан унаа башкарып бара жаткан ырчыны кайгуул кызматкерлери токтотуп, наркологиялык борборго алып барганын көрүүгө болот.

Алмаз Шаадаев видеонун тарап кетиши боюнча төмөндөгүдөй пикирин айтты.

"NewTV деген канал менен менин ортомдо буга чейин дагы бир пикир келишпестик болгон. Ошондон кийин буларга табылбай калды. Жол эрежесин бузбай эле бара жаткам. Кайгуул кызматкерлери менен чогуу рейдге чыккандар мени көрүп, унаамды токтотуусун айтышыптыр. Видеодон көрүнүп тургандай эле "алкоголдук ичимдик ичип алыпсың, көздөрүң кызарып калыптыр" деп болбогон шылтоолорду айтышты. А бирок унаама жазылган айып пулдар бар болчу. Ал үчүн унаамды айып короосуна токтотконуна каршы болгон жокмун.

Негизи жок эле тосуп алышып, наркологияга алып барышып "ичиптирсиң, чегиптирсиң" дей беришти. Бул канал кайгуул кызматкерлери менен кызматташып, материалдарды оңой чогултушат экен. Кийинчерээк бизди кайра чакырышып "видеону сатып алсаңар болот" дешти. Ошондон кийин видеону сатып дагы иш кылат экен калдым", - дейт ал.

Бул боюнча NewTV телеканалына байланышканыбызда ырчы менен тартышпай турганын билдиришти.

"Алмаз Шаадаевге карата эч кандай өчүбүз жок. Аны менен акыйнек айтышпайбыз, каалагандай сүйлөй берсин", - дешти телеканалдан.

"Буларга табылбай калды". Ырчы Алмаз Шаадаев кайгуул кызматкерлеринин торуна түшкөн видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-04-27 11:08:33
Ичпесен, чекпесен анда эмне наркологияга баргандан качып жаттын.
+5
Aselya_9105
2021-04-27 11:21:15
bond02,Күнөөсү жок эле бара береби? Ким билет ал жактан таза кишини деле мас, чекти деп чыгарып коет? Бул кайгуул кызматкерлерине деле кээде ишенич жок, эптеп бир кынтык тапса эле болду. Адам уктабаса да көзү кызарат, аллергия болсо кызарат. Анда көчөдөгү көзү кызаргандын баары чегип алган болобу?
+6
Belek1710
2021-04-27 11:20:54
Жыйынтыгы эмне болду, убагында төлө, нарушения кылба.
+4
Kanat.tls
2021-04-27 13:42:59
Азаматсын Алмаз. Ичпейм дагы, чекпейм дагы. Молодец.
+2
Erlan_95
2021-04-27 21:03:58
Ошондо, булардын логикасы боюнча только ичкен адамдын козу кызарат бекен??
Все знают что журналисты шантажируют материалами чиновников и т.д и таким образом берут деньги
+4
Kona8631
2021-04-27 21:08:24
Болот Ибрагимов менен да ню тии чырдашып жургон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан