UFC уюмунун президенти Дана Уайт кечээ, 25-апрелде өткөн UFC 261 турниринде чемпиондук наамын бешинчи ирет коргогон Валентина Шевченкого таң калганын айтты. Бул тууралуу Уайт турнирден кийинки маалымат жыйынында айткан.
"Ал турнир алдында чындыгында ачуулуу көрүнгөн. Шевченко мыкты болду. Мага бул беттеш жакты. Шевченко укмуштуудай көрүндү. Бул анын карьерасындагы эң мыкты беттештердин бири болду", - деген Уайт.
АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн бул турнирде Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андраденин үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын бешинчи ирет коргоду.