29-30-апрель күндөрү Бишкек шаарында спорттук акробатика боюнча чемпиондук өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Спорттук иш-чараларды өткөрүү дирекциясы тарабынан "Жаштык" спорт комплексинде спорттук акробатика боюнча Бишкек шаарындагы балдар жана жаштар арасында ачык чемпиондук өтөт", - деп билдиришти мэриядан.
Мелдешке Бишкек шаарынан 200дөн ашуун спортчулар катышат.