Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Subaru унаасынын айдоочусу кармалды

Бишкек шаарында жасалма номер тагып алып жүргөн Subaru унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"Кечээ, 25-апрелде болжол менен саат 19:40 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда, 1996-жылы туулган Р.Т. аттуу айдоочу өзүнүн автоунаасынын мамлекеттик номерин башка жасалма номерге алмаштырып, айдап жүргөндүгү аныкталган", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Октябрь райондук ИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-04-27 00:49:08
Бул номер жок экен базада. Сатылып кеткен машинанын номери окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан