"Келе калып эле суунун баарын ичип алган жокмун". Садыр Жапаров электр энергиясына болгон тариф боюнча үн катты

Бүгүн, 26-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп, суроолорго жооп берди. Анда президент электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча өз оюн айтты.

"Мен келе калып эле суу сактагычтагы суунун баарын ичип алып, же агызып ийген жокмун. Эч бир саясатты өзгөртпөй, ушул бойдон кете бере турган болсок, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей калат. Анда тезек термей, чырак жакмай деген жашоого түшүп калабыз. Ошон үчүн тарифтерди өзгөртүп, элдин жашоосуна карата категорияларды карайлы деп жатабыз. Мунун баары талкуунун негизинде, август айынын аягына чейин барып чечилет. Эң негизгиси 700 киловаттан ашкандан кийинки чектөө дегенди такыр эле алып салгыла деп жатабыз", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
jazmina909090
2021-04-26 23:13:19
Кандай иш алып барса да оңуна чыгып
жакшы жыйынтык берсе болду
+3
Mirnar
2021-04-26 23:29:31
Светти кымбаттатпагыла и все! Адан коро сууларды четке чыгарбай ,суу сактагычка куйула турган кылып каналдарды чукугула!
+16
NurikAKSUU89
2021-04-26 23:30:33
Бул деле көпкө барбайтго
-5
PFC-CSKA
2021-04-26 23:46:11
Жашоо шартына карай турган болсонор куу байлардын баары кембагал болуп чыга келишет.лучше кичине кымбаттатып лимитти жестко койуш керек например 3000 кВт эгер ашса хоть 5 сомдон толосун анткени жонокой уй булоо 3000 кВт колдонбойт 10 мин 20 мин деген жалан байлар менен ишканалар толосун ошолор иштеткенине жараша!
+3
Jaraisyn
2021-04-27 04:52:03
PFC-CSKA, эң туура. Жогудагы негатив жазгандардан сиз миң эсе артык сөздү сүйлөдүңүз. Өлкөнүн эртеңи үчүн керек болсо 1 сом 40 тыйын эмес, 10 сомдон төлөгөн да артык. Биз президент үчүн эмес, жалпы кыргыз эли үчүн ушул кадамдарга барышыбыз керек. Мисалы: шаар жерде жашагандарга тарифти бир аз арзандатса, а айыл жеринде отун жагып дегендей, андан сырткары жашоо шарт азык түлүктү жерге эгип жыйнап күнүмдүк жылдык түшүм алып тирилик өтөт. Бир аз кымбаттатса да эч нерсе болбойт.
-7
Antiradikal3
2021-04-27 05:38:54
Jaraisyn, сага окшогон дакансалар 100 сомдон деле толой берет же калппы? Светтин баасын кымбаттатпай эле, жетпеген сумманы дакансалар болушуп толоп койсонор болбойбу? Айыл жергесинде ансыз да ошондой, очокко от жагат копчулук жайы менен. Кышында комур жагат. Кымбат болсо да сатып алып. Ошондой болгон кундо да, комурго акчасы жок, бир плита сайып, ошону тегеректеп ысынып отурган аялуу уй-булор бар. Этти аш-тойдо гана ооз тийген, уйуно эт сатып алууга акчасы жоктор бар.
+8
Antiradikal3
2021-04-27 05:45:57
Электр энергиясы боюнча сууну мен ичип алган жокмун, тарифтер которулбосо кризисте калабыз дейт. Эмне, тарифтер которулсо эле суу сактагычка суу коп кире баштайт бекен? Суунун аз же коп топтолушу тарифтен коз каранды бекен ыя? Мээси болсо эмнеге энергетика тармагын коррупциядан тазалабайт? Эмнеге ортомчу компанияларды жойбойт? Эмнеге карызы барлардан доолаьайт Окмот акчаны? Эмнеге байлар жеген самсага карапайым эл акча толошу керек?
+8
Antiradikal3
2021-04-27 05:50:17
Жапаровдун энергетика министри чындап эле анкоо экен. 129 млрд сомдун ичинде Датка-Кемин чордону, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо ж.б. жургузулгон дейт. Булар тышкы карыз алынып аткарылып ортодо миллиардлар уурдалган. Мисалы Бишкек ЖЭБти модернизациялоо 386 миллион долларга бааланса,кеминде 200 миллион доллар ортодо уурдалган. Бул боюнча бир кытай камалган жок. А тиги биздикилер бошогону бошоп кутулуп кетти, 200 миллион доллар эмес, 2 миллион доллар да кустура алган жок бийлик

+8
Antiradikal3
2021-04-27 05:55:18
Айтор, аты аталып жаткан 129 миллиард сомдун копчулугу ортодо уурдалып жок болгон. Бишкек ЖЭБ гана эмес, Датка-Кемин чордонун курууда да ири акча уурдоолор болгон. Ошондо 600 долларлык кычкачтардын акчасын биз толошубуз керек? Жапаров тарифтерди которуп ошол 600 долларлык кычкач,1800 долларлык огнетушителдерди элге толоткучо, эмнеге уурдагандарды кустуруп толотпойт ыя? Мен мисалы,тарифтердин кымбатташына каршымын, башкалардын уурдап жеген самсасынын акчасын эмнеге мен толошум керек?!
+4
ruslan868600
2021-04-26 23:57:32
1,5 сом өтө эле кымбат
+9
ruslan868600
2021-04-26 23:59:02
700 Квт ты алганы менен 1.5 сомдон төлөсөк андан да 2 эсе ашып кетет.
+3
ruslan868600
2021-04-27 00:01:01
дагын 1000 квт ка лимит койсо колу-бутун кошуп тыгып албайбы...
+8
Rifle_I
2021-04-27 00:45:29
Бул тариф туура эле. Бир аз эконом кылып баштайбыз. Буга чейинки бийлик эл чыкпасын деп алдап туруп акырын карыз алып жаап турган. Кудай буйруса ортодогу ортомчу компанияларды да жолуна салса керек.
-3
Rifle_I
2021-04-27 00:54:31
Туугандар экономичный светодиод лампаларды койсоңор, ал күнү түнү күйсө да аз эле кетет. Мен 1000 сомго баарын алмаштырып койдум.
0
Agayu
2021-04-27 03:09:06
Эгер эл Озун озун онуктурбой билим денгелин оркундотпосо Психология философия цитаталардан понятасы жок болсо .Орто кылымдагы тушунук менен жашай берсек Бироо жакшы суйлоп койсо ага алданып Ага фанат болуп .Омуру онукпой онуккон олколорго суктанып олуп кете беребиз. Азыр дагы жакшы интернет бар баарын тапсан болот.Эмнеге биз кедейбиз : жашоонун сыры .Бир мамлекеттин байыганын сыры деген толтура бар.Бизге Кок бору : Юфс : Пуп ж : болсо болду .Анан арам адалды жакшы билсек болду .Бул деген Тупизим
-8
Jaraisyn
2021-04-27 04:54:43
Agayu,шүгүр кылалы тууганым, биз кыргыз калкы көп өлкөдө жок ырыскы менен жашайбыз.
-5
Asmat84
2021-04-27 03:34:43
Айткандарыныз туура сууну сиз ичип алган жоксуз эңшерилген экономиканы эми көргөн жоксуз да бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан проблема го. Аны сокур адам көрүп керең адам угуп атпайбы. Бирок шайлоонун алдында ошол эңшерилген экономиканы менен какшып бараткан сууну көрүп туруп убада бериш керек эле
+10
Tyty1990
2021-04-27 04:12:03
Бакиев неге куулганын эстетип коюш керек окшойт буга дагы. Свет менен телефонду кымбаттатып анан ошонун айынан куулган. Бул деле кыйратпайт. Башында 3 айда кыйратам деди эле эми беш он жыл дей баштады.
+13
Jaraisyn
2021-04-27 04:55:57
Tyty1990, каныңда бар да ошол. Кууштан башка эч нерсени кыйраткан жериңер жок. Бирин кууп экинчисин алып келип отуруп кандай күнгө квлдыңар.
-9
Gulays
2021-04-27 07:18:41
Эл журот окмот казак менен озбекке Берген суунун акчасын тарифин которсо эле ,экономика которулот.1980 жылдагы тариф менен толошот.эмнеге мен алардан кем бекемин.кошоматтыктын дагы чеги болот.
+9
dark_marks
2021-04-27 08:31:22
Президент тарифти көтөрүп баарыбыздын ачка калышыбызды көздөгөн жок болсо керек. Өзү жана башка энергетиканы түшүнгөн адамдар айтып эле жатпайбы кризистен чыгуу үчүн, эскилиги жеткен нерселердин баарын алмаштырууга тариф саясатын карап чыгыш керек деп. Колу жука калк катмарына колунда барларга караганда жеңилдиктер болот деп. Светке кичине бааны көтөрүп койсо эле президент жаман деп баштайбыз. Шайлоодо өзүбүз барып шайлап алганыбыз менен эч кимдин иши жок.
-7
portugalia
2021-04-27 09:45:57
Башка ишенген лидеринер барбы?Убакыт бергиле иштейт буюрса.Чекеден эксперт болушуп
-5
Kombi
2021-04-27 13:42:29
Атамбаев келген жылы Токтогул ГЭСке сууну кыйла суу чогулткан. Ал Каримовго каяша тура алган деп ойлойм, сууну аз чыгарып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан