25-апрелде Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 7-турдук оюндары жыйынтыкталды. Анда Оштун "Алай" командасы өз үйүндө бишкектик "Илбирс" клубун кабыл алып, оюн 1:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.
Футбол боюнча өлкө чемпиондугунун учурдагы бомбардирлердин тизмеси: 1. Турсунали Рустамов, "Дордой" - 6 гол;
2. Мирбек Акматалиев, "Каганат" - 4 гол;
3. Мирлан Мурзаев, "Дордой" - 4 гол;
4. Абай Боколеев, "Дордой" - 4 гол;
5. Элдар Молдожунусов, "Нефтчи" - 3 гол.
6. Ирисдвлат Хакимов "Абдыш-Ата", - 3 гол;
7. Эммануэль Ягр, "Алай" - 3 гол.
Ал эми Кыргыз Премьер-Лигасынын турнирдик жадыбалында 18 упайы менен "Алай" командасы биринчи орунда келе жатат. 16 упай менен "Алга" командасы экинчи орунда келе жатса, 14 упайы менен "Дордой" командасы үчүнчү орунда.