Бишкек. Түндө батирде жалгыз калган 2 жашар бала милиция кызматкерлерине өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районунда 2 жашар наристе батирде жалгыз калганы аныкталды. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, куткаруучулар баланы түн ичинде алып чыгышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Белгилүү болгондой, 27-апрелге караган түнү саат 02:58де нөөмөт бөлүмгө билдирүү келип түшкөн. Анда коңшу батирде бала ыйлап жатканы, үйдүн эшиги бек экени айтылган. Жерине куткаруучулары барышып, атайын шаймандар менен эшикти ачышкан. 2 жашар наристе үйдө жалгыз экени аныкталып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.
Учурда бул окуя укук коргоочулар тарабынан териштирилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
portugalia
2021-04-27 09:26:29
Кайсы шумшук жалгыз таштап кетти экен?
+5
Gulina90
2021-04-27 09:52:02
Тооба эмне эле болуп баратабыз,эшик жаап иш кылганы чыксакда кулак уйдого.Кантип таштап чыкты экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан