Борбор шаарда "дүкөндөн товар уурдады" деп шектелип 2 аял кармалды
Бишкек шаарындагы "Народный" соода борборунда уурулук кылды деп шектелген аялдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милицияга арыз менен 19-октябрда соода борборунун кызматкери кайрылган. Шектүү айымдар 3960 сомдук товар уурдап кетишкендиги үчүн айыпталууда. Алар Талас облусунун тургундары: 33 жаштагы А.Мээрим жана 22 жаштагы А.Аида. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.