Президент Садыр Жапаров 26-апрелде “Пирамида” телеканалына түз эфирде маек курду. Ал акыркы учурда коомдо кызуу талкууланган айрым маселелер боюнча суроолорго жооп берди.
Маек учурунда Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын айтты. Айтымында, аны ачууну арам деп кылбай койсо, казынага акча түшпөй калат.
"Кумаркана маселесин депутаттар демилгелеп киргизген экен. Мен аны колдойм, туура эле. Бирок азыр Ысык-Көлдө, анан Баткенде болсун деген эки жерди көрсөтүшкөн. Мен аппаратка кумарканалардын бардык жактарда ачылуусуна сунуш киргизгиле деп айттым. Кептин ачыгы кумаркана бизде 2015-жылга чейин иштеп келген. Ал учурда Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны кирип ойногонго акысы бар болчу.
Андан кийин жаш балдар күнү-түнү барып автомат ойноп, акчаларын уттуруп жиберген учурлар болгон. Бирок ошону шылтоо кылып айрым депутаттар, саясатчылар кумарканаларды шантаж кылышкан. "Бизге баланча миллион алып келип бергиле, белгилегиле, болбосо жаап салабыз" дегенде "жок, биз бербейбиз, биз өкмөткө төлөп жатабыз, лицензияны миллион сомго сатып алып жатабыз" дешсе "анда иштебейсиңер!" деп жок кылып коюшкан. Ал учурдун кандай болгонун мен билем. Мен азыр аны кошумча киргизгиле деп жатам. Ал жерде Кыргыз жарандары кумаркананын босогосун аттабайт. Бул чет өлкөлүктөр, туристтер үчүн гана ачыла турган кумаркана болот. Эмне үчүн? Мына азыр эңшерилген экономиканы өзүңөр көрүп турасыңар, экономика итке минип калды.
Биз ар кандай жолдорду издеп, казынаны толтурушубуз керек. Аны толтурбасак, пенсия, пособие бере албай калабыз, сырткы карыздардан кутула албай калабыз. Ошон үчүн кумарканаларды эч коркпой ачышыбыз керек. Ал эми Орозо айында мыйзам өтүп жатат, бул арам деген бул жөн эле сөз. Мисалы, көчөлөрдө жарандарыбыз арак сатып жатышат, биз андан салык алып жатабыз. Эмне бул арам эмеспи? Чочколордун этин саткандардан салык алып жатабыз. Эмне бул арам эмеспи? Кумаркана аларга караганда адалыраак болуш керек. Эми мен аалым эмесмин, молдо эмесмин. Бирок биз кумарканалардан да алышыбыз керек. Бул жерде казынага миллиард-миллиарддаган сомдор келет. Бул жолу коркуштун кереги жок, анткени биздин жарандар ал жакка кирбейт", - деди Жапаров.