Буга чейин Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек арадан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюлган. Жаныбарлар "Бугу-Эне" Коомдук фондуна тиешелүү болгонун Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, "Бугу-Эне" коомунун президенти С.Сеитованын түшүндүрүүсү боюнча Европа эликтери 2012-жылы Казакстандан Каракол шаарынын "Бугу-Эне" зоопаркына коллекциясын көбөйтүү максатында алып келинген. Ошондой эле Европа тукуму болгон деп көрсөтүлгөн.
"12-апрелде "Бугу-Эне" коомдук фонду менен У.Курбанов аттуу жарандын ортосунда алмашуу келишими түзүлгөн. Анда алуу-берүү актысы менен 5 Европа эликтери ( 2 эркек жана 3 ургаачы) У. Курбановго берилип, ордуна (1 эркек жана 2 ургаачы) Африка төө куштары (Struthio camelus), “Битал” (Capra aegagrus hircus) эчкилери (1 эркек жана 1 ургаачы), “Розелла” (Platycercus) породасындагы (1 эркек ,1 ургаачы) тоту куштарды "Бугу-Эне" коомдук фонду алган. Алмашуунун максаты келишим боюнча коллекциянын санын көбөйтүү жана багуу болуп көрсөтүлгөн.
Учурда тараптардын иш-аракеттеринин мыйзамдулуугун аныктоо боюнча Кадамжай РИИБи тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кармалган Европа эликтерин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Баткен облусу боюнча "Биотүрдүүлүктү коргоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары" департаментине иликтөө иштери аяктаганча жоопту сактоого өткөрүлүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 22-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан У.Курбанов аттуу жаранга тиешелүү Тойота-Превия унаасын токтотушкан. Унааны текшерүү учурунда беш баш асыл марал аныкталган.