Киши колдуу каза болгон ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Свердлов райондук соту чечимди 13-апрелде чыгарган. Анда К.Э., Ш.У. Б.К. жана Д.В. аттуу жарандар күнөөлүү деп табылып, ар бири 16 жылга эркинен ажыратылды.
Эске салсак, 1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 2019-жылдын 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 2019-жылдын 18-октябрында анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармаган. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандар да болгон. 2020-жылдын 10-июнунда ишкердин өлүмү боюнча тергөө иши аяктап калганы маалымдалган.