Бишкекте жолдун жээгиндеги жол белгилерин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү болжол менен саат 21:45 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Василиева көчөлөрүнүн кесилишинен жол белгилерин уурдап жатат деген маалымат келип түшкөн.
1988-жылы туулган Б.А. аттуу жаран белгисиз жарандар жолдун жээгиндеги жол белгилерин уурдап жаткандыгын кабарлаган. Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 2005-жылы туулган Д.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А., ошондой эле 2005-жылы туулган О.М. аттуу жарандар кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.