Капка салынган күрүч, мал, фен.. Баткенден Өзбекстанга мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктөргө бөгөт коюлду

Кечээ, 26-апрелде Баткен облусунун аймагынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Кара-Тумшук аймагында чек ара кызматкерлери шек санаткан Хюндай-Портер үлгүсүндөгу унаасын кармашкан. Текшерүүдө аталган унаанын айдоочусу Өзбекстанга 150 миң сомдук ар кандай (фен) товарларды алып бара жатканы белгилүү болду.

"Мындан сырткары ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Таза-Суу аймагында 2001-жылы туулган Кыргыз жараны Өзбекстанга 12 баш мал алып бара жатканы белгилүү болгон. Аталган облустун Кашка-Суу аймагынан 8 кап селитра жана 3 мүшөк күрүч азыгына бөгөт коюлган. Тийиштүү протоколдор толтурулган соң жогорудагы кармалган жарандар жана жүктөр укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rashingo
2021-04-27 13:29:56
Аябай чон жукко богот койгон турбайбы!Медаль бериш керек го
+2
Urmat78
2021-04-27 14:00:35
Биздин чек арадан чычкан жормолоп ото албайт да озу.Бирок тажиктер кирип беймараал адамдарды уурдап кетип атат.Андайда корбой калышат 10 чакты малды сразы корушот
+1
Dembele84
2021-04-27 14:03:01
Вообще эч нерсе отпой турган кылгылачы!
0
bond02
2021-04-27 14:22:40
Оздон чыккан жат жаман дейт да, тажиктерге озубуз ушинтип колтук ачып жатпайбызбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан