Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, экспертизанын жыйынтыгы аталган кызматкер жүрөк артериясынын атеросклероз илдетинен көз жумганын көрсөткөн.
"Адистер муну менен катар лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын эске алып, кылмыш ишиндеги материалдардын көчүрмөсүн изилдеп чыгышкан. Соттук медициналык экспертизанын "цефтриоксон менен физраствор препараттарынын сайылышынан улам жүрөк оорусу кармаганбы?" жана "өлөр алдында алынган препараттар менен жүрөк оорусунун кармашынын байланышы барбы, болсо кандай?" деген суроолорду кароого компетенттүүлүгү жок.
Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин катышуусунда комплекстик соттук-медициналык экспертиза дайындоо пландалууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 1-апрелде ТИМ кызматкери Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Буга байланыштуу аталган оорукананын жетекчиси, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан кетишкен.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова Шакиров социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун билдирген.