Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районунда 2 жашар наристе батирде жалгыз калганы тууралуу жазганбыз.
Анда 27-апрелге караган түнү саат 02:58де нөөмөт бөлүмгө коңшу батирде бала ыйлап жатканы, үйдүн эшиги бек деген билдирүү келип түшкөн. Жерине куткаруучулар барып, 2 жашар наристе үйдө жалгыз экенин аныктап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайын билдиришти.
"Батирдин ичинен табылган кыз 2018-жылы туулган. Белгилүү болгондой, анын денесинде эч кандай залал келтирилген эмес. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыз атасы менен бирге жашайт, ал эми апасы чет өлкөдө иштеп жүргөн.
Милиция кызматкерлери тарабынан наристенин ата-энесинин аты-жөнү такталып, алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда кыз балдар үйүнө жеткирилди.
Бул факты Свердлов РИИБинин электрондук журналына катталып, бардык чогултулган материалдар Свердлов районунун балдар иштери боюнча комиссиясына өткөрүп берүү үчүн даярдалууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан.