Ырчы Абдумалик Шерматов кызы Малика Динага анын туугандарына барып жолукканы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал Youtube каналы аркылуу билдирген.
"Кызым Малика Динанын туугандарыма барып жолукканын интернеттен көрүп кубандым. Кызым, Ата журтуңа барыптырсың. Сен жакшы иш кылдың. Мен деле сен үчүн бата кылып жүрөм. Ата - бул сырткы күч, эне - ички күч. Малика, сен чоң Кербендин тукумусуң. Орозо учурунда батамды берип жатам. Бул абдан позитивдүү жаңылык болду. Бар бол, кызым. Кайыңдыда жашайм. Келип кабар алып тур. Жолуң ачылсын. Сени баары мага окшоштурушат, "Малика сенин эле көчүрмөң экен" дешет. Менин туугандарым да сени жакшы тосуп алыптыр. Апаңа, өзүңө, небереме жакшы кара. Мен сени жакшы көрөм", - деген ал.
Буга чейин Малика Дина Өзгөн районунун Куршаб айылына барып, атасынын туугандары менен жолукканын видео кылып жүктөгөн.