Кыргыз өлкөсү алдамчылыкка шектелген Кытай жаранын өз өлкөсүнө өткөрүп берди

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү алдамчылык боюнча жазык жоопкерчиликке тартуу үчүн Кытайдын жараны Ян Янхуэйди өткөрүп берүү жөнүндөгү суроо-талабы канааттандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын февраль айында аталган эл аралык издөөнүн фигуранты мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан кармалган.

"Жогоруда аталган адамды өткөрүп берүүнү уюштуруу Кыргыз өлкөсүнүн Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына тапшырылган. 23-апрелде издөөнүн фигуранты “Торугарт-автожолу” чек ара посту аркылуу Кытайдын компетенттүү органдарына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан