Сингапур пандемия учурундагы эң коопсуз өлкө деп аталды

Пандемия учурунда эң коопсуз өлкө көрсөткүч боюнча Жаңы Зеландияны басып өткөн Сингапур аталды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Сингапур калкты эмдөөдөн жогорку көрсөткүчкө жана өлкө ичинде коронавирустун жайылышына каршы натыйжалуу күрөшкө байланыштуу биринчи орунду ээлеген.

Агенттик 2020-жылдын ноябрь айында түзгөн рейтингде Жаңы Зеландия биринчи орунду ээлеген, бирок улуттук эмдөө кампаниялары башталгандан кийин лидерлигин жоготкон. Сингапурда буга чейин калктын дээрлик 20 пайызы эмдөөдөн өткөнү белгиленди.

Рейтингди түзүүдө негизги көрсөткүчтөр жугуштуу оорулардын жалпы саны, өлүмдүн көрсөткүчтөрү, текшерилген адамдардын саны жана эмдөө темасы болду. Сингапур 79,7, ал эми Жаңы Зеландия 79,6 упай топтогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан