Cекелек кезинен ырдап чыгып, элдин көз алдында өскөн Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун тарбиясын көргөн ырчы Гүлмира Рысбаева үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыктан алыстап кеткен. Андан бери бир топ жылдар өтүп, анын кайда, эмне менен алек болуп жатканы көпчүлүккө кызык болуп келет. Абдумалик Шерматов интернет желесиндеги баракчасына видео жарыялап, анда Гүлмира Рысбаева менен болгон мамилесин айтты.
"Мага интернеттен "Гүлмира кызыңыз каякта? Мамилеңиз барбы, катташасызбы?" деген суроолор келет. Экөөбүздүн мамилебиз бар болчу, бирок кээде жок болуп кетет. Уялабы, тартынабы билбейм.
Малика (ред.: Дина) кызым менен менин арабызды бузгандай эле "Абдумалик ким эле, койчу аны" деп бузушат го. Мен Гүлмираны издейм, убакыттан пайдалана кетейин: кызым, кел, сага дайыма жардам берем деп келем. Уялып эмне кыласың? Күйөө бала, бала-чакаң менен кел, бата берейин, ал дагы чоң жардам", - деген ал.
Гүлмира Рысбаева 1985-жылы 12-октябрда Нарын шаарында төрөлгөн. Апасынын кызматына байланыштуу 2 жашынан баштап 7 жашына чейин Казарман шаарчасында өскөн. 7 жашынан 20 жашына чейин белгилүү эстрада ырчысы Динара Акулованын колунан тарбия алган.