Бир аптанын ичинде 208 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Милициянын кайгуул кызматкерлери 16-апрелден тартып 22-апрелге чейин бир апта аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 208 унааны аныктады.
Алардын ичинен 49 Орусияныкы, 10 Арменияныкы, 19 Грузияныкы, 14 Абхазияныкы ,100 транзиттик номерлер, 16 жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар. Булардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду.
Анын ичинен 6 чет өлкөлүк автоунаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу унаа токтотуучу короо жайына киргизилди. Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен катуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү автоунааларга карата мындан ары да текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.