Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелип жатканы маалымдалган.
Шектелип жаткан кыздын атасы камакка алынган жок. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ал жаран арыз келип түшкөндө чакырылган. Алгачкы экспертизада кыздын кыздык белгиси бузулбаганы аныкталган. Азыр кайрадан экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы чыккыча шектелип жаткан ата эч жакка кетпөө жана чакырылган убакта келүү келишими менен камакка алынган жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Милицияга Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылынын 45 жаштагы кыздын таежеси арыз менен кайрылган. Арызда 19-апрель түнү болжол менен саат 22:00 чамасында 17 жаштагы кызды өзүнүн үйүндө 45 жаштагы атасы кызынын алсыз абалынан пайдаланып, зордуктап койгондугун жазган.
Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.