
20-апрелде өлкө башчы
Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып, сындашкан. 21-апрелде энергетика жана өнөр жай министри
Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи. Буга байланыштуу
SUPER.KG порталы электр энергиясына болгон баа көтөрүлсө, анда бул сунуш ишке ашуусу үчүн кандай процедуралар болушу керек экендигине кызыгып көрдү.