Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 8-турдук оюнунун алкагында "Нефтчи" командасы өз үйүндө бишкектик "Алга" клубун кабыл алып, оюн 0:1 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.
Беттештеги жалгыз голду оюндун 81-мүнөтүндө нигериялык футболчу Алерива Олувасен киргизип, командасына үч упайды алып келди. Мындан тышкары нигериялык футболчу беттештин мыкты оюнчусу аталды. Муну менен Олувасен акыркы жети оюнда төртүнчү ирет "Мыкты оюнчу" наамын жеңди.
Бул оюндун жыйынтыгы менен "Алга" командасы 19 упайы менен турнирдик жадыбалдын сап башына чыкты.