SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору акыркы бир апта ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк спортто орун алган урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантат.
25-апрель күнү АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири болуп өттү. Бул турнирде кыргыз мушкери Валентина Шевченко чемпиондук курун Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет коргоду. Ушул эле турнирдеги кыз-келиндердин беттешинде кытайлык күчтүү делинген Вэйли Чжан күтүүсүздөн нокаутка түшүп калды.
Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев UFC уюмунун жылдызы Кевин Лини беттешке чакырды.
Кыргыз Премьер-Лигасындагы "Дордой" - "Каганат" беттешинде эки футболчуга көрсөтүлгөн кызыл айып кагазы жокко чыкты.