Украина Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу мүмкүн болгон жерди издөө башталганын жарыялады⠀

Украинанын лидери Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда боло турган жолугушууну уюштуруу иштери башталды. Бул тууралуу Украинанын президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермакка шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

“Мен президенттен буйрук алгам, ошондуктан азыр анын үстүнөн иштеп жатам. Азырынча бул сүйлөшүүлөрдүн күнү дагы, орду дагы белгисиз", - деген Ермак.

Бир күн мурун Financial Times гезити Зеленский менен болгон маегин жарыялаган, анда ал Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү каалагандыгын билдирип, Украинаны жолугушуу кайсы жерде болору тынчсыздантпарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-04-28 00:31:22
Бишкеке келсин.
+3
Pankration_MMA
2021-04-28 01:00:18
Бул артистта элине тоону, айды, күндү убада кылып, бир эшектин тушоосун чече албады. Тим эле элге чөгөлөп, өлүмүштөнгөн эле!!!
+3
Rifle_I
2021-04-28 01:25:43
Pankration_MMA,Коррупцияга малынган өлкөнү баткактан сууруп чыгыш кыйын окшойт.
+1
Dembele84
2021-04-28 09:58:16
Коншу олколор Беларусь,Казакстан,Кыргызстанда боло берет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан