Американын Айдахо штатынын губернатору Брэд Литтл түйүлдүктүн жүрөгүнүн кагышы угула баштагандан кийин бойдон алдырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сөз кош бойлуулуктун бешинчи же алтынчы жумасы жөнүндө болуп жатканы белгиленди.
Ал эми мыйзамды бузгандыгы үчүн лицензиясы бар дарыгерлер эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
"Айдахо штаты күнөөсүз наристелердин өмүрүн баалайт. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн коргоо боюнча аракеттерибизди эч качан солгундатпашыбыз керек. Айдахо штатында жыл сайын жүздөгөн ымыркайлар аборттун айынан каза болушат, бул абсолюттук трагедия", - деген Литтл.