Пекин шаары миллиардерлердин дүйнөлүк борбору аталды

Өткөн жылдын аягында Пекинде миллиардерлердин саны 100гө жеткен, ал эми Нью-Йоркто алардын саны 99 болгон. Бул тууралуу Forbes журналына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бир жыл ичинде Кытайдын борборунда 33 жаңы миллиардер пайда болсо, Нью-Йоркто жетөө гана пайда болгон.

Ошол эле учурда Пекинде 21 миллион адам жашайт, бул Нью-Йорктун калкынан (8 миллион 400 миң) 2,5 эсе көп.

Пекиндин эң бай тургуну Чжен Иминь, ал TikTok компаниясына ээ болгон ByteDance компаниясынын негиздөөчүсү. Анын байлыгы 35 миллиард 6 миллион долларга бааланган. Нью-Йорктогу эң бай адам экс-мэр жана ишкер Майкл Блумберг. Анын байлыгы 59 миллиард долларга жетет.

Миллиардерлердин саны боюнча АКШ дагы эле 724 адам менен алдыда. Экинчи орунда 698 адам менен Кытай турат. Акыркы бир жыл ичинде Кытайдагы миллиардерлердин саны дагы 210го көбөйдү. Үчүнчү орунда Индия (140), төртүнчү орунда Германия (136), андан кийин Орусия (117) турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан