SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Окурман Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Бугу-Эне-Багыш жаңы конушунда 15 жылдан бери электр жарыгы коюлбай жаткандыгын айтып кайрылды.
"Бугу-Эне-Багыш конушуна барып элди угуп коюңуздарчы. 15 жылдан бери электр жарыгы коюла элек. Жол да салына элек. Мына болот, ана болот деп эле эч тыянак чыкпады. Биздин да ошол жакта участогубуз бар. Үй салалы десек электр жарыгы жок "Жарык койгучакты үй салбагыла деп кетишкен" азыркыга чейин электр жарыгы жок. Мен студентмин ал жакка электр жарыгы коюлбаса, окуй албайм. Учурда шаарда батирлеп жүрөбүз", - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.