Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматы жана Кочкор РИИБинин кызматкерлери тарабынан мал уурулукту кесип кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 25-апрель күнү Кочкор районунун аймагынан мал уурулукту кесип кылып жүргөн эки адамдан турган кылмыштуу топ кармалды. Алар Кочкор районунун тургундары 1975-жылы туулган К.Р. жана 1997-жылы туулган К.М. Алар айдап жүргөн Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаасына кароо жүргүзгөн учурда унаадан 4 даана мал сойгон бычак, 1 даана балта жана мал сойгондо кийген кийимдери табылган. Ошондой эле ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 27 даана октору менен далил зат катары алынган.
Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө Кочкор районунун аймагында бети ачылбай турган уурдалган 5 баш жылкыларды жогоруда көрсөтүлгөн ок атуучу куралы менен атып, союп кеткендиги аныкталган.
Шектүүлөр Кочкор РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакка алынган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.