MegaCom мобилдик оператору - Кыргыз футболдук союзунун расмий өнөктөшү

Кыргыз футболдук союзу менен MegaCom мобилдик оператору кызматташуу боюнча меморандум түзүштү. Аталган келишимге Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов жана «Альфа Телеком» ЖАКсынын генералдык директору Азат Базаркулов кол коюшту.

Канатбек Маматов өлкөдөгү ири мобилдик операторго кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, биргеликте жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө болорун белгиледи.

«MegaCom бир канча жылдардан бери спортко өзгөчө басым жасап, буга ар тараптан колдоо жана жардам түзүп келишет. Кызматташуу эки тарапка тең ийгилик алып келет деп ишенем», - деди ал.

«Альфа Телеком» ЖАКсынын генералдык директору Азат Базаркулов MegaCom компаниясы чогуу ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан