Бишкекте милициянын кайгуул кызматына баш ийбей качкан айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынан баш ийбей качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бир күн мурун социалдык тармактарда жол эрежелерин одоно бузган Мерседец Бенц үлгүсүндөгү унаа кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качып кеткендиги тууралуу видео тараган.

"Бул боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Мерседец Бенц үлгүсүндөгү унаанын 1993-жылы туулган Б.И. аттуу айдоочусун табышып, баш ийбегендиги, каршы тилкеге чыккандыгы, уюлдук телефон колдонгондугу жана башка жасаган бузуулары үчүн Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде жалпысынан 5 протокол толтурулду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан