Селсаяк таап алган, дааратканада төрөлгөн, балконго катылган, ит тиштеген. Ымыркайларын таштап изин суутуп кеткен "күкүк энелер"

SUPER.KG порталы бул жолу 2019-жылдан баштап ушул жылга чейинки ташталып, бирок энелери табылбаган ымыркайлар тууралуу окуяларды тизмектеп чыкты.

Кочкор-Атада баштыкка салынган абалда табылган ымыркай

2019-жылы Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Аны алгач селсаяк таап алып, адамдар көрсүн деп автобекетке алып барган. Милиция кызматы бул фактыны каттоого алып, наристенин энесин издей баштаган. Бирок али күнгө чейин "күкүк эне" табыла элек.

Сокулукта жаңы төрөлгөн наристесин дааратканага таштаган эне

Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылында 2019-жылдын 20-октябрында жаңы төрөлгөн ымыркай дааратканага ташталган. Анда эне өзүнүн курсагындагы баласын боюнан түшүрүү үчүн дарыларды ичип, андан кийин төрөп, баласын таежесинин үйүндөгү дааратканага таштап кеткен. Ымыркай дааратканадан чыгарылып, Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген, бирок ал ооруканадан чарчап калган.

Сокулук райондук соту 19 жаштагы кызды күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Бирок ага мунапыс колдонулуп, жазасынан бошотулган.

Ошто дааратканага төрөп, андан кийин баштыкка ороп, балконго катып койгон эне

2020-жылы Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылган. Алгач милицияга 1992-жылы туулган жаран кабар берген. Анда ал үйдү жаңы сатып алганын айтып, үйдө бир тууган жээни жашаганын айткан. Териштирүү иштери башталып, 2000-жылы туулган кыз 16-октябрь күнү түнкү саат 04:00 чамасында батирлердин биринин ажатканасында төрөгөн. Баласы жансыз болуп төрөлгөндүктөн эч кимге айтпай, баланы баштыкка салып, балконго жашырып 18-октябрда ал Кара-Кулжа районуна кетип калган. 2020-жылдын 2-ноябрында милицияга кабар берген жаран үйдү тазалап жатып, балкондон баштыкка оролгон наристени таап алган. Андан соң милицияга дароо кабар берген.

Сотко чейинки өндүрүштө наристенин денесине сырттан кароо жүргүзгөндө ал 15 күн мурун төрөлгөнүн, жынысы эркек экени аныкталган. Баланын киндиги кесилбеген, денеси чирип, курттай баштаган.

Наристеге карата экспертиза дайындалып, анда ал өлүү төрөлгөнү аныкталган. Ал эми жаш эне кийин зордукталганын айтып арыз жазган.

Аксыда ымыркайын ээн короодогу таштын арасына таштап кеткен эненин изделип жатканына бир айдан ашты

2021-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылган. SUPER.KG порталына аталган айылдын атын атагысы келбеген тургуну "9-мартка караган түнү кошунабыздын короосуна бирөө жаңы төрөлгөн ымыркайды эч нерсеге оробой таштап кетиптир, саат канчада экени белгисиз. Ал үйдө азыр эч ким жашабайт. Үй ээси фермер болгондуктан март айынан баштап жайлоо тарапка көчүп кетишет. Бул жерге кыштоого гана келишет. Менин инилерим эртең менен ит ымыркайдын колун тиштеп келгенде көрүшүптүр. Алгач куурчактын колу деп ойлошуп, карап көрүшсө кан экен. Андан кийин башы менен колун иттер чайнап салган жаңы төрөлгөн эркек наристенин сөөгүн табышыптыр", - деп айтып берген. Бир айдан ашык убакыт өтсө дагы Аксыда ымыркайын ээн короодогу таштын арасына таштап кеткен "күкүк эне" табыла элек. Милиция издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бишкектин көчөлөрүнө ак чүпөрөккө оролуп ташталган ымыркай

2021-жылдын 19-март күнү Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Анда аны шаардын Салиева көчөсүнө ак чүпөрөккө ороп таштап кеткен. Айтылган жерге барган милиция кызматкерлери ак чүпөрөккө оролгон ымыркай кызды "Тез жардам" кызматы менен балдар үйүнө жеткирген. Арадан 40 күн өтсө дагы ымыркайдын энеси табыла элек. Милиция изделип жатканын айтты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AruuKasi
2021-04-28 15:57:34
Күкүк аталарында тапсанар болмок
+2
Kurbanalieva1991
2021-04-29 08:22:41
Булар тынымсыз издеп жатышат өздөрү айткандай...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан