Рэпер Бегиш үй-бүлөсү менен узак убакытка АКШга кеткенин айтты

Рэп аткаруучу Бегиш учурда үй-бүлөсү менен АКШда жүрөт. Чет өлкөгө белгисиз мөөнөткө кеткенин айткан ырчы күйөрмандарынын бир катар суроолоруна Инстаграм баракчасы аркылуу жооп берди.

Анда рэперден АКШда эмне жумуш менен алектенип жатканына, канча жылга кеткенине кызыккандар болгон. Бегиш мырза азырынча жер, эл таанып, тил үйрөнүп жатканын, штаттарга узак убакытка кеткенин билдирген. "Кыргыз өлкөсүнө качан кайтасыз?" деген суроого ал "азырынча белгисиз, баары тынч болсо бери дегенде эле 5 жылдан кийин" деп жооп берген. Ошондой эле алдыда виза алуу тууралуу дагы маалыматтар менен бөлүшөрүн айткан.

Ал эми рэпердин жубайы Толгонай күн сайын келип жаткан суроого жооп берген. Анда өзү менен кызы АКШнын жараны болгондуктан жолдошу виза алууга арыз таштаганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarnew
2021-04-28 16:46:08
Ийгилик өнүккүллө барып, КР эчтеке жок, кризис, коррупция, чимкириктер, көрө албастар көр, карьера жок, криминал и бардак, лучше ошол жактан жетишкиле.
+11
Invests
2021-04-28 17:36:33
ОЗУ кетпесе болбой калды
+4
Tyty1990
2021-04-28 18:03:47
Гуд бай
+2
Asmat84
2021-04-29 03:31:44
Ошол жакка барып реп айтканды жакшылап үйрөнүп кел.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан