Баткенде Тажикстандын жараны, эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү баңгизатын сатып жатканда кармалды

Тажикстан Республикасынын жараны эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери оор баңгизаттардын түрлөрүн транзиттөөчү каналды аныктоо жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Аталган операциянын жыйынтыгында жогорку концентраттагы афган героининин партиясы алынган.
Буга чейин кызматкерлерге болжол менен 30-35 жаш чамаларындагы жаран Тажикстандан Казакстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 20-апрель күнү Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан Республикасынын жараны, эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү 1985-жылы туулган Х.М. баңгизаттарды сатуу учурунда кармалган. Аталган иш-чараны жүргүзүү учурунда кызматкерлер сатууга дайындалган афган баңгизатынын партиясынын бардыгын табышкан.
Соттук-химиялык экспертизалык изилдөөнүн корутундусунун негизинде табылып алынган зат 2 килограммды түзгөн Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаты деп аныкталган.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан