Бишкекте "зордуктоого аракет кылды" деп шектелген 27 жаштагы жаран кармалды
Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда "Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Г.Б. укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган. Арызында 19-октябрда бейтааныш киши күч колдонуп аны зордуктоого аракет кылгандыгы көрсөтүлгөн. Кылмышка шектүү делинип борбор шаардын 27 жаштагы Р.К. тургуну кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат" деп билдирет.