Аламүдүндө өз атасын өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды

Чүйдүн Аламүдүн РИИБинде өз атасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

27-апрель күнү бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"2-апрель күнү шектүү мас абалында атасынын денесине залал келтирип, андан соң каза болгон. Тинтүү учурунда кармалган шектүүдөн 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган. Сурак учурунда шектүү бул ок атуучу куралды 10 жылдай сактап келгенин айткан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып, алынган ок атуучу куралдарга бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан