Кыргыз спортчулар 22-27-апрель күндөрү Белград шаарында (Сербия) өткөн бокс боюнча эл аралык "Belgrade Winner" мелдешинде 3 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Азат Усеналиев 52 килограмм салмак ченинде жана Акылбек Эсенбек уулу 57 килограмм салмак ченинде күмүш медаль тагынышты, ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу 75 килограмм салмак ченинде 3-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, курама команда ага машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиевдин жетекчилиги алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.