Польшада өтүп жаткан шашки боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында стол үстүнөн Орусиянын желеги алып салынды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, орусиялык Наталья Садовская польшалык Тамара Тассыккужина менен беттеш өткөрүп жатканда, уюштуруучулардын бири стол үстүндө турган Орусиянын желегин алып салган.
Кийинчерээк муну WADA уюмунун президенти Витольт Банька алдыртып салганы белгилүү болгон.
WADA'нын Аткаруу комитети 2019-жылдын 9-декабрында Орусиянын спортчуларына каршы санкцияларды киргизген. Бул чечимдин кабыл алынышына Орусия спортчуларынын 2012-2015-жылдар аралыгындагы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы камтылган Москвадагы допингге каршы лабораториясынын маалымат базасы бурмаланган түрдө өткөрүп берилгендиги жөнүндө тыянагы негиз болгон.