Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан 1 жарым миллион сомдон ашык 17 миң 777 бөтөлкө алкоголдук продукция алынды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Салыкчылар рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө, алкоголдук продукция мыйзамсыз сакталып жана сатылып жаткан кампаны табышкан. Субъектте сатылуучу продукцияга карата лицензиясы жана коштомо документтери (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) болгон эмес", - деп билдиришти салык кызматынан.
Бул боюнча ишкердик субъекттерге мыйзам негизинде чаралар көрүлөт.
Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.
Белгилей кетсек, алкоголдук жана тамеки продукциясын мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү аныктоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп турат.