UFC 261: Валентина Шевченко жеңиши үчүн канча каражат алганы белгилүү болду

25-апрелде өткөн UFC 261 турниринде кыргыз мушкери, UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко жалпы 430 миң доллар тапкан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 430 миң доллардын ичинен 300 миң долларды беттешкендиги үчүн алса, 100 миң доллар телеканалдарды сатуудан жана 30 миң доллар бонусту демөөрчүлөрдөн тапкан.

25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андраденин үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын бешинчи ирет коргоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-04-29 04:32:34
Буюрсун,жакшылыктарына жаратсын.
+3
Dolon-3008
2021-04-29 12:53:12
Ушундай колунда бар адамдардан сураныш керек баткендин чек арасын тартышып койгула депчи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан