"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 149 миллион 197 миң 932 адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 149 миллион 197 миң 932 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 86 миллион 555 миң 123 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 146 миң 119 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 29-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 228 миң 141 болду. 574 миң 313 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 17 миллион 997 миң 267 адамдан аныкталды. 201 миң 1187 адам каза болсо, 14 миллион 817 миң 371 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 521 миң 289 адам вируска кабылган. 398 миң 936 бейтап көз жумса, 12 миллион 849 миң 663 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан