Бишкек-Ош унаа жолунун 216-чакырымында 2 Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек киши каза болуп, 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан.
Жерине ӨКМнын №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жолдо өткөн унаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.