Чек ара кызматы: "Тажик тарап суу алуучу жайга орнотулган камераларды алууга убада берди, бирок убада аткарыла элек"

Тажик тарап суу алуучу жайга орнотулган камераларды алууга убада берди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде орун алган чыр Тажикстан жарандары тарабынан козутулган.

"Кыргыз жарандары тарабынан провокациялык аракеттер көрүлүп жаткандыгы жана бул үчүн алыскы аймактардан жарандарды алып келип улуттар аралык чыр чыгарууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу Тажикстан тарап таратып жаткан маалыматтар толугу менен чындыкка дал келбейт.

28-апрелде Ак-Суу дарыясынан 3-4 метр аралыктагы чек ара чийининен Тажик жарандары шагыл жүктөөгө аракет кылышкан. Кыргыз чек арачылары эки тараптын айыл өкмөт башчылары бул маселени чечмейинче жүктөөнү токтотуп турууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап талапка көңүл бөлбөй ишин уланта беришкен. Кыргыз чек арачылары курал колдонору тууралуу эскертүү бергенде гана Тажик жарандары ишин токтотушкан.

Кийинчерээк, Головной суу алуучу жайынын аймагында тажик тарап байкоочу камераларды орното башташкан. Экинчи камераны орнотуу учурунда ал жакка барган кыргыз чек арачылары мындай аракеттерди токтотууну талап кылышкан.

12:25 чамасында Ходжаи Аъло айылында болжолдуу аңчылык куралынан ок чыгарылган.

Эки тараптын өкүлдөрүнөн турган жолугушуу өтүп, тараптар бир пикирге келе алышкан эмес.

Кийинчерээк, чек арага жакын аймакта жашаган Кыргыз жарандары Головной суу алуучу жайына барышып, камералар орнотулган устундарды кыйып башташкан.

Аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй жаран чогулган. Каршылык таш ыргытууга айланган. Чек арачылар чырдын өөрчүп кетишине жол берген эмес. Таш ыргытуу учурунда 3 Кыргыз жараны денесине ар кандай жаракаттарды алган.

Кыргыз-Тажик тараптарынын акыркы сүйлөшүүлөрүндө коңшу тарап 4 тажик жараны денесине ар кандай жаракаттарды алып, дагы бир жаран аңчылык кылуучу куралдан жаракат алганын билдирди. Белгилей кетчү жагдай, кыргыз чек арачылары курал колдонгон эмес.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарап орнотулган камераларды кайра алууга убада берген, бирок айтылган убада аткарыла элек.

Тажик тарап таратып жаткан "суу алуучу жай толугу менен Тажикстанга карайт, кыргыз тарап аталган жайды бир тараптуу басып алды" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуунун ордуна мындай маалыматтарды таратуу менен коңшу тарап абалды ого бетер курчутуп жатат.

Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматы коңшу тарапты окуяларды объективдүү баалоого, чагымчыл аракеттерди тыюуга чакырат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Esenali
2021-04-29 11:12:00
азыркы жаңылыктарды жазгылачы ок атышуу болуп атат, кыргызстандын жолун тосуп алды тажиктер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан