Биз социалдык тармакта

"Тез жардам" унаасынын терезесин сындырган. Бишкекте бейбаштыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында бейбаштык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 26-апрелде болжол менен саат 18:15 чамасында “102” кызматына Орозбеков көчөсүндө мас жаран коомдук тартипти бузуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1964-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен жашы 25-30 жаштагы жаран мас абалында коомдук тартипти бузуп, "Тез жардам" унаасынын терезесин талкалап материалдык чыгым келтиргенин жазган.

Кармоо иш-чараларынын натыйжасында кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1993-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан