Шаңкылдаган Гуля, кылыктанган Мимоза... Аялдардын образын аткарган актёр жигиттер тууралуу актрисалар эмне дейт?

Акыркы учурларда аялдардын образын актёрлор аткарган комедиялык фильмдер байма-бай чыгууда. Алсак, шаңкылдап, күйөөсүнө баш бербеген Гулянын образын Самат Эркинбеков аткарса, кылыктанган, сулууланган Мимозанын ролун Эмил Эсеналиев жандандырды. Учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан "Чайки-Зайки" кинокомедиясында да аялдардын образын актёр жигиттер аткарган. Аталган образдары аркылуу актёр жигиттердин таланттарына баа берип, мактоо сөздөрүн айтышкандар көп. Ошондой эле сындагандар да жок эмес.

Мимоза/ Супер кудалар 1,2


Актёр, тамашоучу Эмил Эсеналиев "Супер кудалар" тасмасынын биринчи жана экинчи бөлүмдөрүндө Мимоза деген сулуу, тамашакөй, күчтүү, чечкиндүү кыздын образын жаратып эл оозуна алынды. Көпчүлүк эл анын бир эле учурда атасынын жана кызынын образын жеткире ойногонуна баа берди. Актёр буга чейин берген маектеринин биринде бир учурда эки образды аткаруу оор болгонун айткан.

Гуля/ Жора жана Гуля

Кубаныч Курманбековдун "Жора Гуля" тасмасы Youtube платформасына чыгып, эл кайрадан көрүп жатан кези. Кинодо шаңкылдап, күйөөсүнө баш бербеген, тамашакөй аялдын образын актёр Самат Эркинбеков жараткан. Ал Гулянын образын кантип аткарганын маектеринин биринде айтып берген. Гулядай эжелердин образын аткаруу оңой болбогонун белгилеген. "Бул образды жаратуу үчүн жарым жылдай даярдандым. Гулядай эжелердин мүнөзүн, адаттарын, кыймыл-аракеттерин, кийингенин изилдеп, анын баарын өзүнө сиңирүүгө аракеттендим"

Гуля/ Чайки зайки


Ал эми учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан "Чайки зайки" кинокомедиясында да аялдардын образын актёр жигиттер аткарган. Аялды актёрлор ойногон тасмалардын байма-бай чыгып жатканынан улам, бул тасма бир аз сынга кабылгандай болду. Ошентсе да жакшы көрүлүп жатканы байкалууда. Тасмада эптүү, тың кыз Гулянын образын жараткан Залкар Касымов да маектеринин биринде тасманын жаратуучулары мындай чечимди көп убакытта кабыл алганын айткан.

"Жалаң эле жаман жаңылыктар менен жашап жаткан учурда элдин маанайын көтөрүү үчүн комедия жанрында ушул тасманы тарттык. Күйөрмандарыбыз жакшы кабыл алышты. Кыздын ролун аткарып баштаганда терең ойлондук. Устаттарыбыз туура эмес багытка үндөгөн максатта болбошу керектигин түшүндүрүштү. Эң негизгиси элди жаман жакка үндөгөн терс көрүнүштөр жок. Учурдагы кыздардын реалдуу жашоосун, көйгөйлөрүн чагылдырдык. Бул образдарды кыздар деле аткарса болмок. Жигиттердин аткаруусу менен күлкүлүү, кызыктуу болду десек болот", - деген ал.


Актриса Динара Абдыкадырова ал образ аркылуу эмне айткылары келип жатканы маанилүү дейт.
"Америкалык негрлердин жашоосун чагылдырган бир тасма бар. Ал жакта бир жерде үй кызматчысы болуп иштеген аял өлүп калат. Анын күйөөсү аялынын жумушун жоготпоо үчүн аялындай болуп кийинип алып, барып тамак жасап, бала карайт. Мына ушундай маанилүү нерсе болсо, кандайдыр бир коомдук чакыруу болсо, бир нерсени айткысы келсе аялдардын образын аткаруу туура эле деп ойлойм. Акыркы убактарда аялдардын образын жигиттер аткарган тасмаларды көрүп калып жатабыз. Баары эле таланттуу жигиттер. Ошолордун ичинен мага Эмил Эсеналиевдин ойногону абдан жакты. Кесиби актёр болбогонуна карабастан, кайраттуу, кыйын кыздын образын жакшы ачып берген. Биз деле жаныбардын ,жашылча-жемиштердин образын жаратып жүрбөйбүзбү. А бирок күлкүлүү деп эле улам ушундай образдарды жарата бергени обу жоктук болуп калат", - деди актриса.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актриса Калича Сейдалиева бул нерсеге таптакыр каршы экенин билдирди.

"Мен андай кинолорду көрбөйм дагы. Аялдын образын аял, эркектин образын эркек аткарышы керек. Жаратылыш мыйзамы ушундай. Башкасын кабыл ала албайм", - деген оюн айтты ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mirnar
2021-04-30 03:40:43
Эркектин эркектей, аялдын аялдай болгону жакшы.
+12
Jaka1978
2021-04-30 04:07:26
Элге позитив тартуулагандын эмнеси жаман
-4
talas0707
2021-05-11 08:17:40
Jaka1978, чеги болот баардык нерсенин
+1
Nina.alex
2021-04-30 08:19:53
Калича эже туура ацтыптыр.
+3
aizbek
2021-04-30 11:23:45
Эркек же кыз тугонуп калгансыбай ар ким озунун эле ролун ойносо,эркек эркек бойдон эле ойносо,жалжандап гейлердей болбой,арандан турган кыз текелер силерди туурап атат,базар жок жакшы актерлор,жаштар улгу ала тургандай болгула,трлько жакшы ролунарды жакшы жагынарды корсоткуло
+4
Guliza85
2021-05-03 18:40:24
Бир жолу роль ойносо болот,бирок биздин телтенбайлар кайра кайра аял болуп ойношуп кишинин аллергиясын карматчу болушту.Жаман ойлорунда кыздарды жаман корсотуп,терс кыялдарын элге жеткирип атабыз деп ойлошсо керек.А чынында эркек эркектей болбосо кыздар "жиндинин" рольун ойноп туруп бир жеринерне суу куюп туруп басып кетишет Анан чайка алдады деп боздоп журо бергиле.Чынында кыздар чайка эмес,кок мээ мырзалар коп))
+3
Zarema11
2021-05-11 11:44:30
Туура эле айтыптыр. Көргөндө күлбөй эле уяласың го киши. Аялдар жок болсо экен..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан