Аламүдүндө жарандан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алынды

Аламүдүн районунун жашоочусунан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

27-апрель күнү Аламүдүн РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 40-45 жаш курактагы эркек киши эч кандай тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сактап жүргөнү жана аны сатууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Жогорудагы маалыматты текшерүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жогорудагы жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал 1970-жылы туулган Лебединовка айылынын жашоочусу К.В. экендиги такталып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жогорудагы жаран белгисиз үлгүдөгү куралын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырып берген.

Бул окуя Кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ал куралга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigit25
2021-04-29 13:07:35
Кото-а аласынарбы ошонон башка х-й да келбейт бийликтин колунан бизге окшоп чек арада жашагандарга бериштин ордуна алышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан