Бүгүн, 21-октябрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан “Дүйнөлүк уруш искусство оюндары - 2013” мелдешинде кыргызстандык тай боксчу Данияр Кашкараев жарым финалдык беттешин өткөрөт. Анда Данияр Кашкараев мелдеш кожоюну орусиялык Александр Абрамов аттуу спортчу менен кез келет. Айта кетсек, 19-октябрь күнү өткөн чейрек финалдык беттеште Данияр Кашкараев ооганстандык Нажаф Тамори аттуу спортчуну 30:27 эсебинде жеңип алган.