Кечээ, 28-апрелде Талас облусунун аймагындагы токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган облустун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы ачык аянтта 3,5 гектар куураган чөп күйгөн.
ӨКМдан өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кошумчалашты.