20 миллион сом бюджетке кайтарды. Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы үй камагына чыкты

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мурда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталган.

"Буга чейин сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы С.А. 2019-жылдан бери жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берип, республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталган.

УКМК жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында аталган айыл өкмөттүн башчысы 20 миллион сомун мамлекеттик бюджетке кайтарып берди, буга байланыштуу ага карата үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Учурда Сузак айыл өкмөтүнүн башчысына карата жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү жана келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Zhanara82
2021-04-29 13:54:10
20миллион оххоо
-2
AJow
2021-04-29 14:28:12
Айыл окмот башчысында каяктагы 20 млн сом?
+1
JaneEr
2021-04-29 14:33:29
Мага 1 млн бергилечи,уй алайын тентибей жалгыз...
0
aitowa11
2021-04-29 14:58:43
Жегенде миллион долларларды жешет. Тологонго келгенде сом толошот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан