Бишкекте "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы митинг өтүүдө. Анда чыккан тараптар чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыгышты.
"Биз чек ара боюнча маселени биринчи жолу гана көтөрүп чыккан жокпуз. Талаптар айтылып жатат, бирок аткарылбай жатат.
Биринчиден, чек арага жакын жайгашкан аймактарда чек арачылар жетишпейт. Балыкчы шаарындагы танк батальону Баткенге көчүрүлсүн. Тажикстан чагымчылдыгын токтотсун. Биз эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарда агрессивдүү деп көрсөтүп жатышат. Маалымат саясаты көзөмөлдөнсүн. Абал жөнгө салынмайынча Тажикстан менен болгон Кыргыз өлкөсүнүн чек арасы жабылсын. Аткезчилик менен алып келинген жүктөргө бөгөт коюлсун", - деди минтингге чыккандардын бири.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.